Ошто УКМК тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жатканда кармалды

Учурда акча талап кылууга комитеттин башка кызматкерлеринин тиешеси бар-жогун тактоо жаатында тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы УКМКнын имаратында аталган комитеттин тергөөчүсүн 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратура кармады. Бул туурасында аталган көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ Башкы прокуратурага О.А. аттуу жаран УКМКнын Ош шаары, Ош облусу боюнча тергөөчүсү Т.Ы. жана аталган комитеттин башка кызмат адамдары ага карата кылмыш ишин ачууну токтотуу үчүн 20 миң доллар сурап жатканын айтып арызданган.
Аталган иш боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин ("Ири өлчөмдө пара талап кылуу") негизинде иш козгогон.
"20-январда Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын Ош шаары, Ош облусу боюнча тергөөчүсү Т.Ы. 15 миң доллар пара алып жатканда кармалды", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Учурда аталган багытта ыкчам иштер жүргүзүлүп, бул кылмышка башка кызматкерлердин тиешеси бар-жогун тактоо жаатында тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
ИИМдин тергөөчүсү акча алып жаткан учурда кармалды. Видео