Алмамбет Шыкмаматов "Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды

Буга чейинки башчы Кудрет Тайчабаров мындан бир нече күн мурун кызматтан кеткенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Алмамбет Шыкмаматов "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 19-январда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шыкмаматовду кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.
54 жаштагы Шыкмаматов буга чейин Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалап ЖК депутаты болгон.
Буга чейин мекемени башкарган Кудрет Тайчабаров бир нече күн мурда кызматтан кеткен болчу.
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович — өмүр баяны