БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн үстүндө, жээгинде муз тебүүгө болбойт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын кооптуулугу тууралуу эскертип, түшүндүрмө берди.
Мекеме Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск аймагында Ысык-Көлгө тоо суусу агып келген жээкте муз тоңгондугун белгилеген.
"Тургундар ошол жерде муз тээп жатышат, көлдүн үстүндө коньки, чана тээп жана сейилдеп жүрүшөт деген маалымат түшкөн. Көлдүн суусу калың болуп тоңбой тургандыгын эскертебиз", — деди ӨКМден.
Мындан улам Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт аскер кызматкери жана жергиликтүү бийликтин өкүлү тургундарга Ысык-Көлдүн үстүндө муз тебүүнүн коркунучтары боюнча айтып беришкен.
Куткаруучулар муз 15-20 сантиметр калыңдыкта тоңсо гана муз тебүүгө уруксат берилерин кошумчалашты.
"Ысык-Көлдүн үстүндө муз мынчалык калыңдыкта тоңбойт. Андыктан бул кооптуу жагдай. Өлкөнүн кайсы аймагында болбоңуз, муз тебүүдө бардык эрежелерди сактоого чакырабыз", — дешти куткаруучулар.