Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалып, ал ийгиликтүү өттү. Бул туурасында анын маалымат катчысы Айдос Үкибай социалдык тармактан кабарлады.
"Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалып, ал ийгиликтүү болду. Биринчи президенттин өмүрүнө коркунуч жок. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Операция Кардиохирургия боюнча улуттук илимий борбордо белгилүү кардиохирург Ю. Пянын жетекчилиги менен жасалды", — деп жазды ал.
Назарбаевдин ооруканага түшкөнү бүгүн эртең менен белгилүү болгон.
Юрий Пя — Кыргызстандын мурдагы жараны, республикада бир нече жыл эмгектенип кеткен. Ал эми Астана шаарындагы аталган борбор жүрөккө операция жасоо боюнча учурда дүйнөдөгү эң мыкты деген медициналык жайлардын катарына кирет. Бул туурасында мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев билдирди.
Назарбаевдин COVID-19га чалдыккандан кийинки абалы айтылды