Өкмөт: Кыргызстандын чек арасы 200 миңден ашуун чарчы чакырымга кеңейди

Өкмөт башчы азыр чек ара чырынан кыйраган Баткендеги үйлөрдү куруу иштери 80-90 пайызга аяктап калганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын чек арасы 200 миң 105 чарчы чакырымга чейин кеңейди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жыйынга облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышып жатат.
Жапаров 2022-жыл өлкөнүн тарыхында Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара сызыгы толугу менен аныкталган жыл катары каларын белгиледи.
"Жалпыбыз үчүн чоң сыноо болгон Баткен окуяларынан татыктуу өттүк. Биздин күчүбүз — ынтымагыбызда! Элден 386 миллион сом чогулса, мамлекет калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү каражат табууга жетишти. Азыр сапаттуу үйлөр салынууда. Кечээ дагы 30 үйдү пайдаланууга бердик, жалпысынан 45 үй толук бүттү. Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, жумуштардын 80-90 пайызы аткарылган", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы өз сөзүндө башкысы жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшү экенин белгиледи.
Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү процесси кандай жүрүп жатканы айтылды