Өлкөдө инвестициялык кодекс иштелип чыгууда. Бул тууралуу Толкунай Таалайбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кодекс инвесторлор менен иштешүүнү кыйла жеңилдетет.
"Мыйзамдардагы айрым карама-каршылыктар инвесторлор менен иштешүүнү татаалдантууда. Мисалы, энергетика жаатындагы укуктук документ инвестициялык мыйзамга карама-каршы келип калган учурлар бар. Ошолорду жоюу үчүн өлкөдө инвестициялык кодекс иштелип чыгууда. Инвестициялык кодексте инвестициялык лот деген каралууда. Башкача айтканда, жер, инфраструктура, документтери ж.б. жагдайлары туураланып, инвесторго даяр долбоорлор сунушталат", — деди Таалайбекова.
Ошондой эле ал жашыл инвестиция тартуу стратегиясы даярдалып жатканын кошумчалады.