Калпак үчүн сөгүш алган экс-прокурор "Кыргыз алтынга" жетекчи болду

Абдраимов 2020-жылы коомдук иш-чарадан кийин дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-Янв. — Sputnik. Ош шаарынын мурунку прокурору Кубат Абдраимов "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Ал буга чейин компаниянын директорлор кеңешинде иштеген. Төрагалык кызматты ээлеген 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков өз арызы менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти.
Абдраимов прокурор болуп турганда 2020-жылдын 9-майында иш-чарага кызматтык кепка эмес, калпак кийип чыкканы үчүн катуу сөгүш алган.
2021-жылдын февраль айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Абдраимов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткенин билдирген.
"Кыргыз алтындын" жетекчилиги кетип, 33 жаштагы Калдарбеков башкармай болду