Бишкектеги Red Centre борборунда эл эвакуацияланып жатат. Видео

Соода борборунун администрациясына өткөн жылы да бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жайгашкан Red centre соода борборуна бомба коюлду деген маалымат түшүп, андагылар эвакуацияланууда. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү маалымдады.
Эске салсак, 2022-жылдын башында ушул эле соода борборунан бомба тууралуу кабарлангандан кийин эл эвакуацияланган. Анда УКМК билдирүү тараткан адам колонияда жазасын өтөп жаткан жаран экенин билдирген.
Эске салсак, бүгүн Бишкектеги бир нече мектепке да бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.
Депутат: Максим Бакиевдин мурдагы жерлери президенттик аппараттын менчигине өттү