БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бүгүн борбор калаадагы айрым мектептерде, Red Centre соода борборунда жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын имараттарына бомба коюлган деген кабарлар тарап, милиция кызматкерлери андагы адамдарды эвакуациялаган болчу. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул маалыматтар такталбагандыгын билдирди.
Эске салсак, бүгүн эртең менен Бишкектеги беш мектепке бомба коюлган деген маалымат айтылып, аталган даректерге милиция кызматкерлери, кинологдор барышкан. Окуучулар жана мектептеги башка адамдар эваукацияланып, шек жараткан буюм, баштыктар табылган эмес.
Түштөн кийин шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Red Centre соода жайынын ичине жардыруучу зат коюлган деген билдирүүдөн улам ал курчоого алынып, ичиндеги тургундар сыртка чыгарылган. Аталган соода борбордун имаратында 24.kg басылмасынын редакциясы жайгашкан, басылмага да анда бомба коюлган деген маалымат түшкөн.
Мындан тышкары, Kaktus.media жана "Вечерний Бишкек" жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциясына да жардыруучу заттар коюлган деген билдирүүлөр түшкөн. Мындан улам бардык маалымат каражаттарынын журналисттери эвакуацияланган.
Бишкек шаардык милициясы бул билдирүүлөрдүн баары жалган деп билдирип, топтолгон материалдарды атайын кызматка өткөрүп беришерин белгиледи. Калп маалымат тараткандардарды УКМК издей тургандыгын кошумчалашты.