Бишкектин айрым мектеп жана лицейлерине бомба коюлду деген маалымат тарады

Ушул сымал билдирүүлөр мектептерге өткөн жылдын декабрь айында дагы түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектин айрым мектептерине жана лицейлерине жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүн борбор калаанын Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Учурда №33 мектептин жана Айтматов атындагы "Сейтек" лицейинин окуучулары эвакуациялангандыгы кабарланды. Милиция бомба боюнча билдирүүлөр дагы кайсы мектептердин администрациясына келип түшкөнүн тактап жатат.
Ушундай эле окуя былтыр декабрь айынын башында болгон. Анда жардыруучу зат тууралуу түшкөн маалымат тастыкталган эмес. Телефондук террорчулардын табылган-табылбаганы азырынча белгисиз.
Бишкектеги №67 мектепте мина коюлду деген каттан улам эвакуация жүрдү