"Жарышам дегендер келгиле". Баткендеги кырсык, өлүм алдында тартылган видео

Кырсыктын кесепетинен айдоочу мүрт кетип, жанындагы жүргүнчүсү ооруканага алып баргандан кийин үзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ош — Баткен — Раззаков жолунун 161-чакырымында, тагыраагы, Кадамжай районундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-январда, болжол менен саат 11:30дар чамасында айдоочу Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны өтө катуу ылдамдык менен айдап рулга ээ боло албай калган. Машина жолдон чыгып аласалып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу мүрт кетип, жанында отурган жүргүнчүсү ооруканада көз жумган.
Видеодон айдоочу машинаны саатына 240 чакырым ылдамдык менен айдап баратканын көрүүгө болот. Жанында отурган жүргүнчү видеого тартып, "жарышам дегендер болсо Баткенге келгиле" деп оозун жыйганча кырсыкка кириптер болушкан.
"Урматтуу айдоочулар, адам жаны аманат! Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугу үчүн жол эрежесин сактап, айрыкча ылдамдыкты чегинен ашырбай айдаңыздар!" — деп эскертти жол милициясы.
Токмокто үч автоунаа кагышып, бир адам каза болду. Видео