Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: АКШнын коргонуу системасы мындай акчаны кансыз согушта да көргөн эмес

Дипломат америкалыктар жана алардын союздаштары Россиянын аймагында ага карата гибриддик туташ согушту баштаганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын коргонуу системасы мындай акчаны кансыз согушта да көргөн эмес. Бул туурасында Россиянын Кошмо Штаттардагы элчиси Анатолий Антонов билдирген.
"Америкалыктар жана анын союздаштары Россияга карата анын аймагында гибриддик туташ согушту баштады", — деген Антонов журналисттерге.
Ал АКШ "америкалык аскердик өнөр жай комплексинин кайра жаралуусун финансылоого мажбурлап" НАТО боюнча өнөктөштөрү менен бир эле учурда акчага марып жатышат.
Элчи, мындан сырткары, Россия АКШны алардын курсу дүйнөнү бүлгүн салган сценарийге тушуктурарын эскертип келерин айтты.
Буга чейин элчи Россия Американын же алардын союздаштарынын Украинага берип жаткан кандай гана куралы болбосун жок кыларын жана Крымды кошкондо өзүнүн аймагына сокку ургандарды жоопсуз калтырбастыгын белгилеген.
Акыркы аптада Батыш өлкөлөрү Украинага сооттолгон заманбап техникаларды (жөө аскерлердин согуштук машиналарын, танкаларды) бере тургандыгын жар салган. Ал эми АКШнын Мамдепартаменти аны менен Украинанын жерлерин, америкалыктар ал тарапка карайт деп эсептеп жүргөн Крым жарым аралын коргоого колдонууга мүмкүнчүлүк берилерин айтты.
2023-финансылык жылга (1-октябрда башталды) карата АКШнын коргонуу системасындагы бюджети 858 миллиард долларды түздү. Ал эми 2022-жылы 778 миллиардга барабар эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сөзсүз жооп кайтарабыз. Крым Киевдин чабуул жасоо ниетине үн катты