Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ: Украина АЭСтеринде кырсык кайсы учур болбосун чыгып кетиши мүмкүн

Гросси ушул жумада Киевде Украина өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, Запорожье АЭСин коргоо жана коопсуздук зонасын түзүү боюнча берген сунушу тууралуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. МАГАТЭ жетекчиси Рафаэль Гросси Украинанын атомдук электр станцияларында кырсык кайсы учур болбосун чыгып кетиши ыктымал экенин CNN телеканалына маек куруп жатып билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Андан коопсуздук зонасы жок шартта Украинадагы АЭСтердин биринде кырсык тобокелдиги канчалык экенин сурашкан.
"Бардык учурда чыгып кетиши мүмкүн. Бүгүн тынч болсо, эртең ок атылышы ыктымал. Буга күбө болуп келгенбиз. Ок атылып же тышкы кубаттоо үзгүлтүккө учураган маалда реакторлор муздабай аварияга учурайт", — деди Гросси.
МАГАТЭ жетекчисинин айтымында, кырсык болор-болбосун боолголоп болбойт, анткени азыр тынч болуп турганы менен көз ирмемден соң абал түп тамырынан бери өзгөрүп кетиши ыктымал.
"Андыктан азыр аракет көрүш керек", — деди Гросси.
Ал ушул жумада Киевде Украина өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, Запорожье АЭСин коргоо жана өзөктүк коопсуздук зонасын түзүү боюнча берген сунушу тууралуу сүйлөшкөн.
Запорожье АЭСи Энергодар шаарынын жанында Днепрдин сол жээгинде жайгашкан. Бул блокторунун саны жана кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири АЭС болуп саналат. Станцияда күчү 1 гигаваттка жеткен алты энергоблок иштейт. Марттан бери АЭС россиялык аскерлердин көзөмөлүндө. РФ ИИМи мындай кадам өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын сыртка чыгуусун алдын алуу максатында жасалганын белгилеген.
Украина Куралдуу күчтөрү Энергодар менен ага жанаша жайгашкан Запорожье АЭСин байма-бай аткылап келет. РФ коргоо министри Сергей Шойгу Киев бийлиги станцияны атайылап аткылап, өзөктүк катастрофа кооптуулугу жаралгандай түр көрсөтүп жатканын билдирген. Ал эми МАГАТЭ ЗАЭСтин айланасына коопсуздук зонасын түзүү зарылчылыгын бир нече жолу айтканы маалым.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
МАГАТЭ башчысы: Запорожье АЭСине ок аткандар эмне кылып жатканын жакшы билишет