Суу алдындагы сулуу жана акуланын көзү. Мыкты 15 сүрөт

"Океандагы суу алдында тартылган фотоискусство" деп аталган сынактын калыстар тобу жарыштын жыйынтыгын чыгарды.
Sputnik
Ага 2022-жылы 96 өлкөнүн өкүлдөрү тарткан сүрөттөрүн жиберген. Лауреаттар акчалай сыйлык, фото жабдуу жана суу алдындагы сүзүүнү уюштурган мыкты делген курортторго жолдомо алышты.
1 / 15

Ургаачы осьминог тукум улай турган жумурткаларын суук көздөн калкалап жатат. Сүрөт "Осьминог эне" деп аталган.

2 / 15

Франциянын Полинезиясындагы акулалар

3 / 15

Россиялык спортчу кыз Кристина Макушенко өнөрүн көрсөтүүдө

4 / 15

Креветканы тутуп алган осьминог

5 / 15

Макросьемка: суу өсүмдүгүндөгү кичинекей рактар, креветкалар

6 / 15

Макросьемка: Бали жээгинен тартылган сүрөт

7 / 15

Күндүн нуру өткөн медузанын көрүнүшү

8 / 15

Макросьемка: акуланын көзү

9 / 15

Деңиз жаныбарлары

10 / 15

Суу алдындагы үңкүрдү көрдүңүз беле?..

11 / 15

Уясында жаткан азуулуу балык

12 / 15

Куйругу менен жумурткаларды ташып бара жаткан суу алдындагы жаныбар

13 / 15

Тасмания жээктеринде кездешкен өзгөчө балык

14 / 15

Урук таштап жаткан бака

15 / 15

Бул негизи бир эле краб. Деңиз жаныбары суудан өзүнүн чагылышкан элесин карап жатат

Тема боюнча:
Көргөн да, көрбөгөн да арманда. Түндүк жаркырактын 15 ирмеми
Табияттын таң калтырган сулуулугу. Эл аралык сынактан тандалган 15 сүрөт