Ошто "Муслим" турак жай кооперативинин жетекчисине иш козголду. Сүрөт

Милиция шектүүгө карата сегиз арыз түшкөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаарында "Муслим" турак жай кооперативинин жетекчисинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.
"Муслим" турак жай кооперативинин жетекчиси А.А. аттуу аялдын үстүнөн өткөн жылдын декабрь айынан бери сегиз арыз түшкөн. Тартип сакчылары ага иш козгоп, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан тергелип жатканын айтышты.
"Арыз ээлери аталган кооперативдин негиздөөчүсү А.А. аттуу аял бир нече жарандарга үй жана автоунаа алып берүүнү убадалап, бирок бир нече айдан бери убадалаган үй да, машина да жоктугун, ал эми алган акчасын кайтарбай ар кандай убадаларды берип жүргөндүгүнө даттанышкан", — деп айтылат маалыматта.
Милиция Т.Б. аттуу жаран 1 миллион 600 миӊ сомун үй алуу үчүн, ал эми С.М. аттуу жаран автомашина алуу үчүн 210 миӊ сом бергендигин билдирип, арыз жазганын кошумчалады.
"Ак-Буура милиция бөлүмүнүн алган ыкчам маалыматтарына караганда, жабырлануучулар мындан бир нече көп жана алар Ош шаарынан гана эмес, республиканын башка аймактарынан дагы болушу мүмкүн", — деди маалымат кызматынан.
Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү шектүү А.А. аттуу "Муслим" турак жай кооперативинин негиздөөчүсүнөн жабыркагандар болсо, 03222-6-64-02, 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранды.
Пресс-борбор
"Ихсан" турак жай кооперативине алдангандардын иши сотто карала баштады