БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелерди жылуулук менен камсыздоо жана электр энергиясын белгиленген лимиттен ашыкча керектөөгө байланыштуу электр кубаты кыска мөөнөткө өчүрүлөт. Бул тууралуу аталган мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Ош шаардык РЭТтин маалыматына ылайык, график боюнча эртең менен жана кечинде 1,5 сааттан кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр киргизилген.
"Буга байланыштуу тиешелүү кызматтарга өчүрүүлөрдүн бекитилген графиктерин элге жеткирүү тапшырмасы берилди. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдарга электр энергиясын үнөмдөөчү жарык берүүчү лампаларга өтүү сунушталды. Электр кубатынын убактылуу өчүрүлүшү ооруканалар менен бейтапканаларга, отканаларга тиешеси жоктугу айтылды", — деп кабарлады.
Шаардык билим берүү башкармалыгына МАБ өкүлдөрү менен биргеликте билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелериндеги бардык жылуулук системаларынын ишин текшерүү тапшырылган.
Мындан тышкары, төмөндөгүдөй тапшырмалар берилген:
МАБдар жеке сектордо сууну максатсыз пайдаланууну болтурбоо максатында суу түтүктөрүнүн жана суу менен камсыздоо тутумдарынын абалын текшерсин;
МАБ, казыят жана ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы жеке сектордо мештерди колдонууда зарыл болгон коопсуздук нормаларын так сактоо боюнча калкка түшүндүрүү, маалыматтык жана алдын алуу иштерди күчөтсүн.
Ошондой эле көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатуу маселелери каралып, анда Монополияга каршы кызматына көмүрдүн баасын атайылап көтөргөн соодагерлерди аныктоо боюнча рейд жүргүзүү тапшырылган.