Өкмөт ыштан арылуу үчүн брикеттелген көмүр чыгарууну пландап жатат

Брикеттелген көмүр сапаттуу отун, андан ыш, түтүн көп чыкпайт, таптуу дагы болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Экология министрлиги шаардагы ыштан арылуунун бир жолу катары байытылган (брикеттелген) көмүр чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу министрдин орун басары Алмазбек Туманов билдирди.
Парламентте учурда Бишкектеги абанын булганышы боюнча маселе каралууда. Депутат Жалолидин Нурбаев кечээ ыш Жогорку Кеңештин жыйындар залына чейин киргенин, кечинде депутаттардын көпчүлүгүнүн башы ооруп калганын белгиледи.
"Абанын булганышын аппараттар аныктабаса дагы, биз дем алганда сезип жаттык", — деди депутат.
Аткаминер эл мүмкүнчүлүгүнө жараша көмүр, тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жана баллондорду жаккан учурлар катталганын белгиледи.
"Азыр министрлик тараптан өкмөткө сунуш киргизип жатабыз. Бизге брикеттелген көмүр чыгарууну сунуштап келген инвесторлор бар. Биринчи кварталдын аягында биринчи сунушту киргизебиз деген ойдомун", — деди Туманов.
Белгилей кетсек, брикеттелген көмүрлөр ошол эле көмүрдүн күкүмдөрүнөн пресстелип сапаттуу отун болуп жасалат. Жеке үйлөргө жана өндүрүшкө колдонууга ылайыкталган. Андан көп ыш, түтүн чыкпайт, таптуу дагы болот.
Бишкектеги ыш: Экология министрлиги бейөкмөт уюмдардын датчиктерине ишенбейт