БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бүгүн Нарында "Нарын облусунда туруктуу туризмди биргелешкен аракеттер менен өнүктүрүү" аталышында II туристтик форум өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чарага президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова, "КРде туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКтын төрайымы Елена Калашникова жана эл аралык өнөктөштөр, ишкерлер катышкан.
Облус башчысы Эргешов туризм жаатындагы бир катар пландар менен бөлүшүп жатып, февралда Европадан келген өнөктөштөр менен хоккей боюнча ири иш-чара өткөрүү мерчемделип жатканын айтты.
Ошондой эле быйыл туристтердин коопсуздугун эске алуу менен эко-милиция уюштурулуп, "Коопсуз облус" долбоору сунушталып жатканын маалымдаган.
Форумда үч пленардык сессия өтүп, анын алкагында Нарын облусунун туризм тармагын өнүктүрүүдөгү көйгөйлүү маселелер, жасалган жумуштар, алдыга белгиленген пландар боюнча бир катар баяндамалар жасалды.
Иш-чарада туристтик компаниялардын, фирмалардын жана эл аралык уюмдардын ортосунда баарлашуу өткөрүлгөн. Мындан сырткары, туризм тармагын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлганы айтылды.
Эргешов соңунда туризмди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан Таалайбек Карпеков баштаган ишкерлерге жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, сыйлык тапшырган.