БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаал режими киргизилген Майлы-Суу шаарында жарандар үчүн убактылуу жай ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
"Шаардык ооруканада жана окуу жайдын жатаканасында жалпы 102 орундук даярдалып, 24 саат бою шаардын тургундарын кабыл алуу үчүн ачылды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шаар бийлиги жеке тамактануучу жайлардын ээлери менен сүйлөшүп, 60 адамга орун даярдалганы айтылды.
Учурда ӨКМдин Ноокен, Базар-Коргон, Таш-Көмүр шаардык бөлүмдөрүнөн келген өздүк курамдын кызматкерлери тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн эритүү аракетин көрүшүүдө.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган.