Майлы-Суудагы тоңгон суу түтүктөр жаңысына алмаштырылат

Жыйында калкты тез убакытта жылуулук, таза суу менен камсыздап, суу түтүкчөлөрүн ишке киргизүү чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Майлы-Суу шаарында катуу сууктан тоңгон суу түтүктөр алмаштырылат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн тиешелүү кызматкерлер координациялык жыйын өткөрүп, чукул чечимдер кабыл алынган.
Анда сууктан тоңгон суу түтүктөрү казып алынып жаңылары орнотула турганы маалымдалган.
Саат 22:00дөн тартып калкты тез убакытта жылуулук, таза суу менен камсыздап, суу түтүкчөлөрүн ишке киргизүү чечими кабыл алынды.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам калаага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Майлы-Суудагы өзгөчө кырдаал. Шаар тургундары үчүн атайын жайлар ачылды