Кыргызстанда өлкөнү Россия менен байланыштырчу соода маршруту иштелип чыгууда

Россиянын трассасында жүк ташуучу унаалар. Архив
Саамалыкты жүзөгө ашыруу боюнча Транспорт, Экономика министрликтери менен жүк ташуучулар иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан сооданы өнүктүрүү үчүн жаңы маршрутту иштеп чыгууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Жаңы каттам өлкөнү Өзбекстан, Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу Россия менен байланыштырмакчы. Бул боюнча Транспорт, Экономика министрликтери жана жүк ташуучулар иштеп жатат.
Жакында эле Астраханда Кыргызстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусу болуп өткөн. Делегация мүчөлөрү "Астрахань деңиз порту", "Астрахань порту" жана "Армада" компанияларынын иши менен таанышып чыкты.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп, ага эки президент катышат