Кыргызстан менен Италиянын футбол ассоциациялары кызматташууну көздөөдө

Кызматташуунун жагдайлары азырынча айтыла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол союзу менен Италиянын футбол ассоциациясы кызматташууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлады.
Маалыматта январдын аягында Кыргызстандын спорт уюмунун өкүлдөрү италиялык кесиптештери менен жолугуп, кызматташууну талкуулай турганы айтылган.
"Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн футбол ассоциацияларынын ортосундагы кызматташуу меморандумуна кол коюу пландалууда", — деп билдирди Кыргыз футбол союзу.
Италиянын футбол боюнча курама командасы дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири, 2006-жылдагы дүйнө чемпиону. Бирок курама тандоодон өтпөй калгандыгы үчүн акыркы эки Дүйнө чемпиондугуна (2018, 2022) катыша алган жок. FIFAнын учурдагы рейтингинде Италия курама командасы сегизинчи орунда турат.
Кыргызстандык адис футбол боюнча дүйнө чемпионатында матч директор болду