"Кумтөрдүн" издөөгө алынган мурдагы аткаруучу директору аэропорттон кармалды

Курмановго өткөн жылдын сентябрь айынан бери издөө жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов "Манас" эл аралык аэропортунда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Курманов 14-январда чек араны кесип өтүү учурунда кармалгандыгы айтылат. Ал соттун чечими менен №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Кумтөрдүн" мурдагы аткаруучу директоруна карата өткөн жылдын сентябрь айында издөө жарыяланган. Курмановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу") боюнча иш козголгон болчу. Сот аны камакка алууга уруксат берген.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгени айтылган. "Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 2022-жылдын 13-сентябрында кармалган.
Токтошев: "Улуу көчмөндөр мурасы" ишканасынан 700 млн. сомдун дайыны жок