БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги кээ бир конуштарга газ түтүктөрүн киргизип берсек, аны дээрлик 10 пайызы гана колдонууда. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров парламентте билдирди.
"Кээ бир жаңы конуштарда, өзгөчө шаардын төмөнкү жактарына газ түтүктөрүн толук жеткирип бергенибизге карабастан 10дон төмөн пайызы гана үйүнө газ мешин койду. Калган 90 пайызы көмүр, таштандылар менен үйлөрүн жылытып атат. Биз аларды газга кошул деп күчтөй албайбыз да. Бул боюнча мэрия менен дагы сүйлөшүп, жол картасын түзүп баштадык", — деди Алдаяров.
Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик элге газга кошулуу боюнча идеологиялык жумуштарды жүргүзүшү керек деп эсептейт.