"Газпром" коммерциялык ишканаларга газ берүүнү убактылуу токтотот

Казакстан аркылуу Кыргызстандын түндүгүн көгүлтүр от менен камсыз кылган магистралдык газ өткөргүчтө басым азайган. Буга байланыштуу "Газпром" коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" компаниясы Бишкектин жана Чүй облусунун жашоочуларына газ берүүнү үзгүлтүккө учуратпай турганын билдирди.
"Социалдык тармактарда компания Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочуларына жаратылыш газын токтотууну пландап жатат деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Казакстан аркылуу Кыргызстандын түндүгүн көгүлтүр от менен камсыз кылган магистралдык газ өткөргүчтөгү басымдын азайгандыгы айтылган. Ага байланыштуу "Газпром" компаниясы калкты жана социалдык объектилерди (бала бакчалар, мектептер, жылуулук менен камсыз кылган мамлекеттик уюмдар) газ менен камсыз кылуу максатында коммерциялык ишканаларга — мончо, ресторан, кафе жана өндүрүштө газ колдонгон ишканаларга жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууга мажбур болгондугун кошумчалады.
"Газпром Кыргызстан": конуштарга газ киргизип берсек, 90%ы колдонбой жатат