Икрамов: Ширшов менен иштеген Ибраев министр болору менен жарык кайра өчүүдө

Ибраев быйылкыдай катуу суук мурда болгон эмес деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2009-жылы Алексей Ширшов менен иштеп жатканда жарык ушинтип өчүрүлгөн. Андан кийин келген бийликтин учурунда бул маселе токтогон болчу. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов билдирди.
"Сиз дагы министр болуп келдиңиз, Ширшов маалындагыдай өчүрүүлөр кайра кайталанып жатат. Ширшов менен жолукканыңыз тууралуу интернетте сүрөттөр жүрөт. Чындыгы канчалык?" — деп сурады Икрамов.
Ибраев 2009-жылы да суу аз болгондуктан түнкү саат 00:00дөн таңкы 6:00гө чейин электр энергиясына чектөө киргенин белгиледи. Ал эми Ширшов боюнча 10 жыл мурунку сүрөт чыгарылып жатканын айтты.
Андан соң депутат азыркыдай суук мурда деле болгонун, бирок Ибраев бул кызматка келгенге чейин ушундай учурлар катталбаганын билдирди.
"Быйылкыдай -27 градуска чейинки суук мурда болгон эмес. Экинчиден, беш жылда бир суунун тартыштыгы кайталанат. Былтыркыдан суу 1,4 миллиард куб метрге гана көп. Бүгүнкү күндө жоопкерчиликти алып иштейм деген адам жокко эсе. Бирөө ушул кырдаалдан чыгарып кетүүгө даярмын десе ордумду бошотуп берүүгө даярмын", — деди энергетика министри.
Ал эми Икрамов "силерди кызматтан албай эле жоопко тартыш керек" деп сөзүн жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, Таалайбек Ибраев 2009-жылы "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.
Бишкектеги ыш: Экология министрлиги бейөкмөт уюмдардын датчиктерине ишенбейт