Элинин көптүгү боюнча Кытайды басып өтчү өлкөнү аташты

БУУдан Жер планетасындагы адамдардын саны былтыр 8 миллиардга жеткендигин жана мындай динамика Азия өлкөлөрүндөгү өсүшкө байланыштуу экендигин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Индия быйыл элинин көптүгү боюнча Кытайды озуп өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу калк демографиясы жана эл каттоо боюнча иш алып барган World Population Review деп аталган көз карандысыз уюм билдирген.
Компаниянын маалыматына караганда, учурда Индияда 1 422 708 244, ал эми Кытайда 1 425 831 221 киши жашайт.
"Эгерде бир катар мамлекеттердеги көбөйүүнү эске алсак, божомолдор боюнча Индия калкы эң жыш жайгашкан өлкө катары өсүү темпи минус 0,1 пайыздан минус 0,3 пайызга чейинки Кытайды 2023-жылы озуп өтөт. Ал арада Индияныкы 0,69 жана 0,92 пайыз арасында болот", — деп айтылат маалыматта.
Анткен менен 2023-жылы окумуштуулардын айтканына караганда, Кытайдын 1,425 миллиард жашоочусуна салыштырмалуу Индия элинин саны 1,428 миллиард адамга жетет.
БУУдан Жер планетасындагы адамдардын саны өткөн жылы 8 миллиардга жеткендигин жана мындай динамика Азия өлкөлөрүндөгү көбөйүүгө байланыштуу экендигин айтышкан. 2023-жылы жалпы өсүштөн алганда Индияныкы жогорулап, ал эми 2037-жылы планетага миллиард киши кошулары күтүлүп жатканы айтылган.
Кытай: үй-бүлөдөгү үчүнчү бала үчүн салынган айып пул жоюлду