Бишкекте кайсы маалда электр энергиясы өчөт? График

Борбор калаа канча күнгө чейин электр кубаты улам өчкөн ыңгайсыздыкта болору азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек электр тармактар ишканасы электр энергиясынын борбор калаада өчүрүлө турган убактысынын графигин жарыялады.
Чыгыш жана Батыш РЭСтеринин документтеринде "Эки саат аралык менен күч келип кеткен учурларды жеңилдетүү графиги" деп жазылып турат. Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев электр кубатын жабдууларды сактап калуу (алардын күйүп кетпеши) үчүн өчүрүп жаткандыктарын айтып, бул иштер бир сааттан ашык созулбайт деп ишендирген.
Батыш РЭСтин графиги
Чыгыш РЭСтин графиги
Жарык берүү канчага чейин үзгүлтүккө учурай турганы белгисиз, бирок бул күн сайын боло турчу иштердин графиги.
Икрамов: Ширшов менен иштеген Ибраев министр болору менен жарык кайра өчүүдө