БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмазбек Туманов абанын булганышын аныктаган бейөкмөт уюмдардын датчиктерине ишенбей турганын билдирди.
Ал бүгүн парламентте Бишкекти чулгаган ыш боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берген.
"Өкмөткө караштуу Кыргызгидрометтин метеостанциясынын маалыматы боюнча, абанын булганышынын деңгээли 171 PM2.5. болууда. Ошол эле учурда бейөкмөт уюмдар менен иштешкен мекемелердин датчиктери 225 PM2.5. деп көрсөтүп жатат. Биздин мамлекеттик мекеменин датчиктеринин баары аттестациядан өткөн, ал эми бейөкмөт уюмдардыкы аттестациядан өткөн-өтпөгөнү белгисиз. Ушуга байланыштуу да чоң резонанска айланып кетти", — деди Туманов.
Буга чейин да экология министри Динара Кутманова Бишкекте абанын булганышын көрсөтүп жаткан "МувГрин" эл аралык экологиялык уюмунун датчиктеринен шек санап, өз алдынча изилдөө жүргүзүп жатканын билдирген эле.
Белгилей кетсек, кечээ кээ бир депутаттар шаарды каптаган ыштан улам өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштаган.