Башкы прокурордун орун басары алмашып, кызматка жаңысы келди

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Башкы прокурордун орун басарлыгына Үмүткан Конкубаева дайындалып, буга чейин иштеп келген Турусбек Ишеналиев кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Эки кадр боюнча буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматта Ишеналиев кызматынан берген арызынан улам бошотулганы маалымдалды. Ал орун басарлыкка 2020-жылдын 11-ноябрында Жапаровдун буйругу менен дайындалган.
Башкы прокуратуранын жетекчилик курамы толугу менен алмашты. Тизме