Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Украинанын Крымга сокку урушу үчүн курал берүүнү караштырып жатат

АКШ бийлиги эгер Украина Крымга америкалык курал менен кол салса, Путин кандай жооп кыларын билбей турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Крымга сокку уруу үчүн Украинага кошумча күч керектигин моюнга ала баштады. Бул тууралуу New York Times жазды.
"Украина бийлиги менен бир нече айга созулган талкуулардан кийин Байдендин администрациясы бул кадам абалды курчутуп жиберсе да Киевге Россиянын аймагына сокку уруу үчүн кошумча күч керектигин моюнга ала баштады", — деп жазылат басылмада.
Ак үй Киевди жарым аралдагы буталарга сокку уруу үчүн курал менен камсыз кылуудан баш тартып келгени, бирок "азыр бул позиция жумшара баштагандыгы" айтылган.
"Байдендин администрациясы эгер украин армиясы Россиянын Крымга көзөмөлү солгундашы мүмкүн экенин көрсөтсө, Киевдин келечектеги сүйлөшүүлөрдө позициясын бекемдейт деп эсептей баштады", — деп жазат гезит.
Мындан тышкары, Ак үйдө Россиянын тактикалык өзөктүк куралды колдонот деген кооптонуу басаңдаганы менен бийлик да, адистер да мындай кадамды дагы эле жокко чыгара электиги белгиленген.
"Натыйжада администрация азыр Украинага жарым аралга кол салууга жардам берүүнү ойлонуп жатат. АКШ чабуул жасоого курал менен техниканын бир канча түрүн, анын ичинде HIMARS ракета системасы жана Bradley жөө аскер согуштук унаасын да берүүнү караштырып жатат. Бирок алыскы аралыкка атуучу ракеталык системалар тууралуу сөз жок. "АКШ бийлиги эгер Украина Крымга америкалык курал менен кол салса, Путин кандай жооп кыларын билбей турганын айтууда", — деп жазган New York Times.
Мамдепартаменттин маалымат катчысы Нед Прайс шаршемби күнү Киев Батыштын курал-жарактарын кантип колдонуу боюнча чечимди өзү кабыл аларын билдирген. Анын айтымында, АКШ Украинаны Россияга каршы сокку урууга үндөбөйт жана аларга жардам бербейт, бирок ошол эле учурда Крымды Россиянын аймагы катары тааныбастыгын айткан.
"Украиналык өнөктөштөр өз аймагын коргоо үчүн бул курал-жарактарды кантип жана кайсы жерде колдонуу керектигин өзүлөрү чечет", — деген Прайс.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталган соң АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Киевге он миллиард долларлык курал-жарак жөнөтүп, колдоо көрсөтүүдө. Москва өз кезегинде Батыштын курал жөнөтүп жаңжалды создуктуруп жатканын, аларды ташыган транспорттун бардык түрү Россия армиясы үчүн мыйзамдуу бутага айланарын бир нече жолу эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун баш катчысы Украинадагы жаңжалдын узакка созулушуна даярданууга чакырды