БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Ирандын өлкө башчысынын жубайы Джамиле Аламолхода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапарова 20-январда Иранга Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышуу үчүн барган.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Аламолхода Жапаровага эл аралык конгресске катышууга чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырат.
Кыргызстандын канайымы чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жакшы диалог аянтчасы болорун белгилеген.
Айгүл Жапарова Кыргызстанда аялдар ар кыл тармактарда эмгектенип, коомдук турмушка активдүү катышып, өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошуп келерин билдирген.
Тараптар бул багыттагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жана жогорку потенциалын пайдаланууну макулдашты.