Былтыр өлкөдө 2021-жылга караганда 230 тоннага көп буудай жыйналды

Айыл чарба министринин айтымында, былтыр өлкөнүн өзүн нан азыктары менен камсыздоосу 40 пайыздан 75 пайызга чейин өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 2022-жылы Кыргызстанда мурдагы жылга караганда 230 тоннага көп буудай жыйналган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Түшүм тууралуу:
2021 — 362,7 миң тонна (гектарынан 14,5 центнер);
2022 — 592,5 миң тонна (25,4 центнер).
Башкача айтканда, түшүмдүүлүк 11 центнерге жогорулаган. Эскерте кетсек, 2021-жылдагы кургакчылык түшүмгө кедергисин тийгизген.
Кыргызстан өзүн буудай менен камсыз кыла албайт, мындан улам импорттон көз каранды. Айыл чарба министринин айтымында, ушу тапта көз карандылыкты азайтуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Былтыр нан азыктары менен өлкөнүн өзүн өзү камсыздоосу 40 пайыздан 75 пайызга чейин өскөн.
Кыргызстан былтыр кумшекерди кайсы өлкөлөрдөн алган? Тизме