Жогорку Кеңештин жыйындар залын ыш каптады. Депутаттар тынчсызданууда

Депутат залга аба тазалоочу аппараттарды коюу зарылчылыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйындар залын ыш каптап депутаттар тынчсызданууда.
Депутат Адахан Мадумаров залды туман каптагандай болуп, эч нерсе көрүнбөй калганын айтты.
"Кандай кылабыз? Эгер мындай боло берсе залга аба тазалоочу аппараттарды коюу керек. Байкаңыздар, дем алуу мүмкүн эмес болууда. Керектүү адистерди чакырып изилдөө жүргүзүп көргүлө, ичиндеги аба кандай экен. Бишкек шаарындагы көчөлөрдү айтпай эле коёюн, нормадан 600 эсе көбөйүп кетти деген маалыматтар чыгып жатат", — деди Мадумаров.
Ал эми вице-спикер Нурланбек Азыгалиев бул маселе президенттин иш башкармалыгына (Жогорку Кеңешти да тейлейт) айтылганын, азыркы убакта иштеп жатышканын маалымдады.
Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов ӨКМ имараттын ичиндеги абанын булганышын аныктай турган приборлор жок экенин айтып жатканын билдирди.
"Бирок азыр дагы башка каналдар аркылуу карап жатабыз. Иш жүрүп жатат, керек болсо бул жакка чакырып текшертебиз", — деди Абытов.
Жок дегенде графигин бергилечи. Депутат жарыктын тынымсыз өчүрүлүшүнө тынчсызданды