БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев энергетиктерге кайрылып, ар кандай шылтоолорду айта бербей жарыкты өчүрүү графигин жарыялоого чакырды.
Эл өкүлү азыр бүт эле жерде маал-маалы менен электр энергиясы өчүрүлүп жатканын белгиледи.
"Мурунку атайылап өчүрүүлөрдү азыр "жөнгө салуучу чара" деп койду. Бирок чындыгында бул атайылап эле өчүрүү. Электр энергиясында кризис болуп жатканын түшүнүп жатам, жабдуулар эски. Ошол эле учурда жарандарга жок дегенде өчүрүүлөрдүн графигин берип койгулачы. Саат мынчада электр энергиясы болбойт деп айтып койсоңор, ошого даярданышат да. Ошондуктан сураныч, графикти түзүп, элге айтып тургула. Азыр ар кандай шылтоолор менен эле өчүрүп жатасыңар", — деди Бекешев.
Депутат электр энергиянын жоктугунан эл көмүр жана башка нерселерди жага берип Бишкекти ыш чулгап жатканын кошумчалады.