Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Зеленский менен сүйлөшүү тууралуу кеп да болбошу керек

Украинада Россия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө жол бербей турган Зеленский кол койгон жарлык чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Украина жетекчиси Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча кеп да болбошу керек. Бул тууралуу РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынын берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
Ал эми RT анын видеосун өзүнүн Telegram каналына жарыялады.
"Зеленский менен сүйлөшүү тууралуу кеп да болбошу керек, себеби ал россиялык өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүүнү мыйзамдаштырып, тыюу салган", — деди Лавров.
ЖМКлар кечээ Украина лидеринин маалымат катчысы Сергей Никифоровдун Киев диалогдон баш тартпайт, бирок ал бир канча принциптерге, төлөнгөн акчага таянарын айтканын таратышкан.
Андан кийин Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге "эгерде украиналык мыйзамдар менен алып караганда, Киев өзү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүнү алып салып жатканын" билдирген.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия Донбасстагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга баарын жасады