Радио

Кенжематова: Туризм департаментинде 11 гана кызматкер иштейт

Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова аталган тармакта кандай көйгөй бар экенин айтып берди.
Sputnik
Туризм департаментинде 11 гана кызматкер иштейт. Бул жетишсиз экенин Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн аймактарда дагы кызматкерлер болушу зарыл.
"Өлкөнүн туризмин өнүктүрүү үчүн мамлекеттик саясат жана бизнес болуп, эки багытта иш алып баруу зарыл. Бизнес багыты боюнча туризмди колдоо фонду түзүлгөн, иш жүрүп жатат. Ал эми туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү департаментке жүктөлгөн. Бирок учурда департаментте штат жетишсиз. Азыркы тапта мекемеде 11 гана кызматкер иштөөдө. Салыштыруу үчүн айтсак, Өзбекстанда туризм комитети министрлик болуп калды. Анын борбордук аппаратында 100дөй, ал эми аймактарын кошкондо миңден ашуун кызматкер иштейт. Ошондуктан Кыргызстанда аймактарда иш алып баруу үчүн штат ачуу зарылдыгы бар", — деди Кенжематова.
Ошондой эле ал уюштурулуп жаткан фестивалдар туризмди өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын кошумчалады.