Тергөө учурунда улгайгандар, кош бойлуулар камалбасын. Мыйзам долбоор сунушталды

Кээ бир категориядагы жарандарды СИЗОдо кармоо кыйноо катары каралары белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Тергөө учурунда жаш курагы 55тен жогору аялдарды, 60 жаштан ашкан эркектерди жана кош бойлуу аялдарды камоого тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көтөрүп, коомдук талкууга койду.
Бул норма жогоруда аталган адамдардын тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн, ошондой эле өзгөчө оор кылмышты жасоого шектүү деп эсептелген учурларда колдонулбай турганы айтылат.
"Көпчүлүк учурда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалат. Ал эң катаал чара деп эсептелет жана өзгөчө учурларда колдонулууга тийиш. Ошол эле маалда гуманизм жана тең өлчөмдүүлүк принциптери кылмыш-жаза укугуна гана эмес, административдик жоопкерчилик укугуна да мүнөздүү. Бүгүнкү күндө, тергөө абактарынын шарттарын эске ала турган болсок, улгайган адамдарга жана кош бойлуу аялдарга камакка алуу бөгөт чарасын колдонуу кыйноо катары каралышы мүмкүн", — деп жазган документтин маалыматтык негиздемесинде.
Мындан тышкары, тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же жашырынууга аракет кылган адамдарды тергөө абагында кармоо керектигин белгиленген. Ал эми улгайгандарын жана кош бойлуу аялдардын андай мүмкүнчүлүктөрү объективдүү чектелгени айтылат.
Жапаров Россияда камалган 900 кыргызстандыкты котортуп келүүнү убадалады