Сууктан улам Кыргызстанда 192 мектеп онлайн окууга өтүп, 47 бала бакча жабылды

Кээ бир мектептерде кенже класстарга үйдөн окуп туруу чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаменти Кыргызстанда жабылган мектеп жана бала бакчалар тууралуу маалымат берди.
Аталган мекеме бала бакчаларда катталган грипп жана курч респиратордук ооруларга мониторинг жүргүзгөн.
Жыйынтыгында өлкөдөгү 1865 бала бакчанын 47си жабылган. Алар Нарын (22), Чүй (5), Жалал-Абад (17), Баткен (2) жана Талас (1) облустарында жайгашкан.
Ал эми катуу сууктан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 21 мектеп жана Нарын шаарындагы Чкалов атындагы билим берүү мекемесинин кенже класстары онлайн окууга өткөн. Мындан сырткары, Жалал-Абадда 154, Чүйдө 14, Таласта 3 мектеп жана Оштун Кара-Кулжа районунда 1-класста жана даярдоо классындагы балдар аралыктан окууга которулган.
Киоскиде жашаган төрт балалуу үй-бүлө кризистик борборго жеткирилди