Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россия Донбасстагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга баарын жасады

Путин Украинада 2014-жылдан бери орус тилдүү калкты жок кылуу аракеттерине көз жумуп коюуга болбой калгандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россия Донбасстын айланасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн бардыгын жасады, бирок андан майнап чыкпады. Бул тууралуу Владимир Путин шаршемби күнү Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери жана курчоодо калган Ленинграддын тургундары менен жолугушуусунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россия Украинадагы 2014-жылдан бери болуп жаткан окуяларга, анын ичинде орус тилдүү калкты жок кылуу аракеттерине көз жумуп коё албады. Россиянын бардык аракеттери, анын ичинде атайын операция да бул согушту токтотууга багытталган.
"Биз көпкө чыдап, көптөн бери бир пикирге келүүгө аракет кылдык. Азыр бизди жөн эле алдап коюшканын көрүп турабыз. Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Ошентсе да биз бул кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн колдон келгендин баарын жасадык. Эми бул мүмкүн эмес экени айкын болуп калды", — деди Путин.
РФ президенти бул мезгилде "каршылаш тарап бул чатакты курч жана оор фазага алып келүүгө даярдангандыгын", "азыр жасап жаткандан башка эч нерсе калбагандыгын" кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстын коргоочулары адамдардан башкача... Иван Охлобыстиндин видеосу