Радио

Кыргызстанда почта-логистикалык парк ачуу пландалып жатат

"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун башкаруучулугунун төрагасы Марат Черикчиев Кыргызстандын соода-логистикалык транзиттик хаб болуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда эл аралык рынокко чыгууну камсыз кылган почта-логистикалык паркты түзүү пландалууда. Бул тууралуу Марат Черикчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө дүйнөлүк негизги транспорттук коридорлордун боюнда жайгашкандыктан электрондук коммерция үчүн транзиттик мүмкүнчүлүктү пайдалана алат.
"Кыргызстандын соода-логистикалык транзиттик хаб болуу мүмкүнчүлүгү жогору. Учурда эл аралык рынокко чыгууну камсыз кылган почта-логистикалык паркты түзүү пландалууда. Өлкө дүйнөлүк негизги транспорттук коридорлордун боюнда жайгашкандыктан электрондук коммерция үчүн абдан ыңгайлуу. "Кыргыз почтасы" дүйнөлүк деңгээлге чыгып, көп өлкө менен кызматташууга бел байлап жатат. Бул жаатта чоң реформалар, кадамдар зарыл", — деди Черикчиев.
Ошондой эле адис "Кыргыз почтасы" санариптештирүүнүн алкагында ишти бир топ жеңилдетип, кадрлардын квалификациясын жогорулатууга көңүл буруп жатканын кошумчалады.