Кээ бир министрликтерде кыргыз тили 12 пайызга гана колдонулары айтылды

Осмоналиев министрликтерде тил саясаты ич жылытарлык эместигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев мамлекеттик органдарда кыргыз тилин колдонуу боюнча мониторинг жүргүзүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, Тил комиссиясы 2022-жылы бардык министрликтерге барып, карап чыгышкан.
"Мактанарлык деле нерсе жок экен. Кээ бир министрликтерде мамлекеттик тил 12ден 17 пайызга чейин эле колдонулат. Ал эми мамлекеттик органдарда иш кагаздарын электрондук түрдө жүргүзүүчү Infodocs тутумунда документтердин 27,2 пайызы гана мамлекеттик тилде жазылат", — деди Осмоналиев.
Бүгүн парламентте "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Казак тилин, тарыхын жана мыйзамын билбегендерге жарандык берилбейт