Путин: Ленинградды курчоого алууга Европанын башка өлкөлөрү да катышкан

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Улуу Ата мекендик согуш учурунда Ленинград шаарын курчоого алып, кылмыш жасоого Европанын өтө көп өлкөлөрү катышкандыгын белгиледи.
РФ лидеринин айткандарын RT өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Мамлекет башчысы Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери менен жолукканда 1812-жылы, андан сырткары 1941-1945-жылдары бир күч болуп топтолгон көп улуттуулукту эске салган.
Андан сырткары, Европанын бир катар өлкөлөрү ошол учурда кандай иштерге баргандыгын айткан.
"Бул тууралуу толеранттуулуктан улам жана көп өлкөлөр менен мамилебизди бузуп албаш үчүн унчукпай, сөз кылбай келгенбиз. Бирок бул Ленинградда, Ленинград фронтунда эле эмес, бардык жерде болгон", — деди Россия лидери.
Путин Ленинград блокадасынын үзүлүшүнүн 80 жылдыгына карата Ленинград облусундагы "Рубежный камень" эстелигине гүлчамбар койгон.
Пресс-борбор
Петербургдуктар Кыргызстандын блокадачыларга берген жардамын эскеришти