БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мындан 80 жыл мурда, ушул күнү Улуу Ата мекендик согушта немецтер блокадага алган Ленинград шаарынын курчоосу үзүлгөн. Бул тууралуу тарыхый видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
Бул артиллериялык канонада менен, СССРдин гимни болгон "Интернационалдын" музыкасынын коштоосунда болгон.
Оркестр гимнди кадимкидей эле окоптордо ойноп турган.
Кызыл Армия "Искра" операциясынын алкагында Нева жээгин бойлото 11 чакырымга чейин коридор ачкан. Ал үчүн эң бирден-бир мүмкүнчүлүктү Ладога көлү түзүп берген. Бекеринен тарыхта ал "өмүр көлү" деп аталып калбаган.
Ал эми "Искра" операциясын атактуу кол башчы Георгий Жуков жетектеп, блокада шакекчесинин ичинен жана сыртынан бир дем менен жапырт жарып өтүү иштери колго алынган.
Шаарды Ленинград жана Волхов фронтторунан коргоп турушкан.
Командачылыктын алдында Ладога көлүнүн түштүк жагындагы немецтердин тосмосун бузуу милдети турган.
1943-жылы Ленинград курчоосу үзүлгөн. Бирок азаптуу күндөр дароо эле бүтүп калган эмес. Толук бир жылдан кийин, тагыраагы, 1944-жылы 27-январда гана шаар толугу менен бошотулуп, тазаланган.
Бул азаптуу курчоо 872 күнгө созулган.