БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстанда орган алмаштырган адамдардын донорлорун аныктоочу лаборатория ачылат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев парламентте билдирди.
"Бизде орган алмаштырууда донордун органы дал келишин аныктоочу лаборатория жок болчу. Азыр андай аппараттарды сатып алып жатабыз. Тендер өтүп, сатып алуу келишимине кол коюлду. Ага уруксат берген мыйзам мурдагы чакырылышта колдоо таппай калган эле, оңдоп-түзөп кайрадан иштеп чыгып жатабыз. Бул мыйзам азыркы замандын талабы. Учурда донор дал келбей калса, эки-үч тууганы чет өлкөгө барууга аргасыз болууда", — деди Мамадалиев.
Аткаминердин айтымында, бүгүнкү күндө чет өлкөдөн 820 кыргызстандык бөйрөгүн, 412 киши боорун алмаштырып келген. Ал эми 2500дөй жаран гемодиализ алып жатат, алар дагы бөйрөгүн алмаштырууга муктаж.
Өз кезегинде депутат Тазабек Икрамов Мамлекеттик фонд түзүп, өтө оор илдетке кабылган балдарды колдоо керектигин айтты.
"Балдарына чет өлкөдөн операция жасатуу үчүн ата-энелер элден акча сурап жатат, ошого мамлекет жардам бергидей болсун", — деди Икрамов.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов ал боюнча да өзүнчө мыйзам долбоору иштелип жатканын белгиледи.