Москвада оор кырдаалга кабылган мигранттар жашап турчу жай бар. Дареги

Мекендештер документтерин даярдап алганга чейин мейманканада акысыз жашай алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Москва шаарында кыйынчылыкка кабылган кыргызстандыктар Россиянын темир жол мейманканасында бекер жашай алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдады.
Билдирмеге караганда, аталган мейманканадан кыйналган кыргызстандыктарга үч адамга ылайыкталган номерлер берилет. Анда жарандар документтерин даярдоо, калыбына келтирүүгө чейинки убакыт аралыгында жашай алышат.
"Жарандар үчүн мындай шарт министрлик менен анын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен ишке ашырылды", — деди мекемеден.
Кыргызстандыктар өкүлчүлүккө төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7. Байланыш номери: +7 495 197 76 71.
Россияда мигранттарды кошумча медициналык текшерүүдө акы алынбай турган болду