БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кытай тараптын демилгеси менен чек арадагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайлары 21-январдан 24-январга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Маалыматта бул кадам кытай тараптын Жаз майрамын белгилөөсүнө байланыштуу экендиги айтылат.
2023-жылдын 25-январынан тарта эки бекет аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайра жанданат.
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасынан өтүү жол-жобосу боюнча маселе жаралса, 0 312 88 16 18 жана 0 312 54 38 36 номерлерине кайрылууну эскертти.