"Куш" же "кош"? Депутат конокту кантип туура тосуп алуу керектигин сурады

Эл өкүлүнө жооп берген адис эки вариант тең туура экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров конокторду тосуп алууда айтылуучу сөздүн кайсынысы туура экенин билүүгө кызыкты.
"Бир эле суроом бар да сизге. "Кош келиңиздер" дейт, бирок ал коштошуп жаткан сыяктуу сөз да. Ал эми кээ бир жерде "куш келиңиздер" дейт. Ошонун кайсынысы туура?" — деп кайрылды депутат.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова "кош келиңиздер" десе да, "куш келиңиздер" десе да болорун, экөө тең туура экендигин айтты.
ЖКда тил маселеси кайра көтөрүлүп, депутат Айтматовдун сүйүү катын окуду. Видео