БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Казакстан чет элдиктердин өлкө аймагында жүрүү эрежелерин өзгөрттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өкмөттүн 16-январда кабыл алган токтому ЕАЭБ мүчөлөрүнө дагы тиешелүү.
Тагыраагы, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары мурда 90 күн эркин жүрүп, чек арадан кирди-чыкты (Visa Run) менен мыйзамдуу жашоо мөөнөтүн узартып алса, эми андай мүмкүнчүлүк болбойт. Алар эми жарым жыл ичинде 90 күн жүрө алат. Андан соң чыгып, кайра кирүү үчүн кийинки жарым жылдыкты күтүшү керек.
Бирок жаңы чектөөлөрдүн Казакстанга виза менен келген чет элдиктерге жана убактылуу жашоого уруксат алгандарга тиешеси жок.
Өкмөттүн токтому 26-январда күчүнө кирет.