Министр: электр энергиясын өчүрүп турбасак, бир облус жарыксыз калат

Энергетика министрлиги жарыкты бир-эки сааттан өчүрүп, муну "жөнгө салуу чаралары" деп атоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Эгер 110 киловольттук линияда авария болсо, бир облус толугу менен электр жарыгысыз калат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев кечээ, 17-январда, өткөн Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.
"Трансформатор, өчүргүчтөр эрип кетүүдө. Бизде авариялык ири резерв жок. Эгер 110 киловольттук линияда авария болсо, бир облус толугу менен электр жарыгысыз калат. Ошондуктан жөнгө салуу иш-чараларын жүргүзүп, сууктан чыгып кетели деп жатабыз", — деди Ибраев.
Кайсы аймак тууралуу сөз болуп жатканын министр так айткан жок.
Ушул күндөрү Энергетика министрлиги жарыкты бир-эки сааттан өчүрүп, муну "жөнгө салуу чаралары" деп атоодо.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев энергетиктерге кайрылып, жарыкты өчүрүү графигин жарыялоого чакырды.
"Электр энергиясында кризис болуп жатканын түшүнүп жатам, жабдуулар эски. Ошол эле учурда жарандарга жок дегенде өчүрүүлөрдүн графигин берип койгулачы. Саат мынчада электр энергиясы болбойт деп айтып койсоңор, ошого даярданышат да. Ошондуктан, сураныч, графикти түзүп, элге айтып тургула", — деген Бекешев.
Алдыдагы сууктан улам энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштешет